www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук курама командасы 20–26-апрелде Бразилиянын Фош-ду-Игуасу шаарында өтө турган Дүйнө кубогуна катышат. Мелдешке дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүнөн 400гө жакын мыкты боксчулар катышары күтүлүүдө.

Эл аралык турнирге улуттук курама команданын курамында күч сынаша турган беш спортчу аттанды: Анвар Ходжиев (50 кг чейин), Зафарбек Камилов (55 кг чейин), Мунарбек Сейитбек уулу (60 кг чейин), Омар Ливаза (65 кг чейин) жана Ихтияр Нишонов (70 кг чейин).
Курама команданын даярдыгы башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жетектеген машыктыруучулар штабы тарабынан жүргүзүлүүдө.

 

Последние новости