www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын бир катар министрлери тартиптик жаза алды

Кыргызстандын президентинин администрациясынын коллегиясында бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери тартиптик жаза алды.

Эскертүү алгандар:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

- президенттик администрациянын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев;

Сөгүш алгандар:

- санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева;

- транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев;

- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

- санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Жумамүдүн Жумалиев;

- саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева;

- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова;

- президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев.

Мындан тышкары, президентке бир катар район башчыларын ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости