www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 12-февралынан тартып Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы Кыргыз Республикасынын сегиз ишканасын Кытайга экспорттоого уруксат берилген ишканалардын тизмесине киргизди. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызмат тарабынан жүргүзүлгөн системалуу иштердин жыйынтыгында кабыл алынды.

Кытай рыногуна продукция жеткирүүгө уруксат алган ишканалардын тизмесине төмөнкүлөр кирди: «Ат Башы Трейд» ЖЧКсы, «Алия» ЖЧКсы, «Гермес Ко ЛТД» ЖЧКсы, «Жол-Аман» ЖЧКсы, «Таалай Групп» ЖЧКсы, «Wool KG» ЖЧКсы, «Опэн Трейд» ЖЧКсы жана «Торугарт Трейд» ЖЧКсы.

Аталган ишканалар ири мүйүздүү малдын терисин жана майда мүйүздүү малдын жүнүн кайра иштетүү менен алектенишет. Уруксат алуу ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн экспорттук жеткирүүлөрдү кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Ветеринария кызматы Кытай рыногуна жаңы ата мекендик ишканаларды чыгаруу жана Кытайга экспорттоого уруксат берилген кыргыз продукциясынын түрлөрүн кеңейтүү боюнча ырааттуу иштерди улантууда.
 

Последние новости