www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан «Open Ulaanbaatar» рейтингдик турниринде Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Рустамжан Кахаров менен Аден Сакыбаев байгелүү орундарды камсыздашты.

70 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан Рустамжан Кахаров күмүш медаль тагынды. Алгачкы беттешинде ал жердеши Аден Сакыбаевди 6:1 эсебинде жеңип, чейрек финалда казакстандык Родион Анчугинден 4:3 эсебинде үстөм чыкты. Жарым финалда монголиялык Усухбаатар Баатархууну 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга жолдомо алган.

Финалда Кахаров монголиялык Тулга Тумур-Очир менен беттешмек. Бирок алган жаракатынан улам килемге чыга албай, турнирдин күмүш байгесине ээ болду.

Ал эми Аден Сакыбаев ушул эле салмак категориясында коло медаль жеңди. Ал биринчи айлампада Рустамжан Кахаровго 1:6 эсебинде утулганы менен, жубатуучу беттеште казакстандык Родион Анчугинди 8:0 эсебинде жеңди.

Коло медаль үчүн болгон кармашта Сакыбаев монголиялык Усухбаатар Баатархууну 4:3 эсебинде утуп, турнирдин үчүнчү орунун ээледи.

Ошентип, кыргызстандык балбандар «Open Ulaanbaatar» рейтингдик турнириндеги медалдар санын дагы экиге көбөйтүштү.

Последние новости