www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 21-январынан 8-февралына чейин Индонезиянын Жакарта шаарында футзал боюнча Азия Кубогу өтүүдө. Аталган мелдешке Кыргыз Республикасынан бир катар адистер расмий түрдө дайындалышты.

Калыстар инспектору катары турнирге КФБнын Биринчи Вице-президенти Нурдин Букуев чакырылды. Белгилесек, ал футзал боюнча дүйнө чемпионаттарында кызмат өтөгөн беттештердин саны боюнча дүйнөлүк рекорддун ээси болуп саналат. Анын бай эл аралык тажрыйбасы Азия Кубогунда калыстыктын жогорку деңгээлде камсыздалышына чоң салым кошот.

Мелдештин оюн комиссары милдетин Михаил Толкачев аткарууда. Ал оюндардын уюштурулушун, регламенттик талаптардын сакталышын жана АФКнын стандарттарына ылайык өткөрүлүшүн көзөмөлдөйт.

Мындан тышкары, мелдештин коопсуздук түзүмүндө Кыргызстандык адис Абаз Торес иш алып барып, беттештер учурундагы коопсуздукту, кирүү-чыгуу көзөмөлүн жана тартипти камсыз кылууда.

Кыргызстандык адистердин Азия Кубогу сыяктуу ири континенталдык турнирге дайындалышы АФК тарабынан көрсөтүлгөн жогорку ишенимдин жана өлкөбүздөгү футзал тармагындагы адистердин кесипкөйлүгүнүн айкын далили.

Последние новости