www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын куруу жана модернизациялоо боюнча «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, келишимдин жалпы суммасы 80 миллион сомго жакын каражатты түзөт.
Долбоордун алкагында Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунда жана Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркында заманбап өткөрүү пункттары курулат. Ошондой эле өлкөдөгү 16 мамлекеттик жаратылыш паркында жана коруктарында автоматташтырылган өткөрүү пункттарын орнотуу пландалууда.
Министрликтин маалыматына караганда, бул долбоор өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, конокторду каттоо системасын өркүндөтүүгө жана каржылык кирешелердин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган.
Мындан тышкары, заманбап автоматташтырылган технологияларды колдонуу аркылуу конокторду каттоо процесси санариптештирилип, адам факторунун таасири азайтылат. Ошондой эле экологиялык объектилерде көзөмөл жана коопсуздук күчөтүлүп, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу чаралары жакшыртылары белгиленди.
Долбоор жарандар жана туристтер үчүн дагы ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болору күтүлүүдө.