www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчыбек Ташиев жана мурдагы аткаминерлерге байланыштуу сот иши уланууда
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден бери коомчулукта ар кандай талкуулар уланууда.
«75 аксакалдын кайрылуусу» деп аталган окуядан кийин башталган резонанстуу иш соттук кароого жетип, учурда процесстер уланууда. Акыркы маалыматтарга ылайык, айыпталуучулар — Камчыбек Ташиев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев соттун ачык өтүшүн талап кылып жатышат.
Бул жагдай коомдук мейкиндикте да талкуу жаратып, бир тарап ачык сотту колдосо, экинчи тарап иштин чоо-жайы соттук териштирүүнүн жыйынтыгын күтүү керек деген пикирлерди айтууда.
Бүгүн, 8-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамга байланышкан соттук процесс уланууда. Азырынча сот отурумунда айыпталуучулардын негизги билдирүүлөрү толук жарыялана элек.
Жактоочу Акынбек Ногоевдин билдирүүсүнө караганда, айыпталуучулар сотту ачык өткөрүү өтүнүчүн беришкен. Бирок сот бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.
Анын айтымында:
«Биз ишти ачык кароо боюнча өтүнүч келтиргенбиз. Купуя материалдар бар деп айтылууда, бирок алар жактоочуларга көрсөтүлбөйт. Ошондуктан сотту ачык өткөрүү талабы коюлган. Бирок судья бул өтүнүчтү канааттандырган жок. Айыпталуучулардын баары соттун ачык өтүшүн талап кылууда», — деди ал.
Эске салсак, «75 аксакалдын кайрылуусу» менен байланышкан окуялардан кийин 10-февралда Камчыбек Ташиев кызматтан бошогон. Ошол эле учурда экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу да кызматын тапшырган. Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев да бул ишке байланыштуу фигуранттардын катарында. Алар менен кошо дагы беш адам 10-февралдан бери камакта.