www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2024-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусунун 536 учуру аныкталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен аймактар боюнча алганда: Бишкек шаары – 177 учур, Ош шаары – 9 учур, Чүй облусу – 132 учур, Жалал-Абад облусу – 130 учур, Ош облусу – 75 учур, Баткен облусу – 5 учур, Ысык-Көл облусу – 5 учур, Нарын облусунда – 3 учур.
Кызамык менен ооругандардын курактык бөлүштүрүлүшү:
- 1 жашка чейин – 182 учур;
- 1 жаштан 4 жашка чейин - 201 учур;
- 5 жаштан 9 жашка чейин – 77 учур;
- 10 жаштан 14 жашка чейин - 22 учур;
- 15 жаштан 19 жашка чейин - 13 учур;
- 20 жаштан 29 жашка чейин – 24 учур;
- 30 жаштан жогоркулар - 17 учур.
Белгилей кетсек, республикада кызамык оорусу 2023-жылдын 1-жумасында Бишкек шаарында башталып, Түркия жана Россиядан жуктуруп келген учур катталып, генотиптөө үчүн анализдер алынып, культураны изилдөөлөрдөн кызамык вирусунун D8 генотиби аныкталган.
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда кызамык оорусунун жалпысынан 7046 учуру катталды, интенсивдүү көрсөткүч 100 000 калкка (100,1). Оору жуктургандардын көпчүлүгү (43,5%) 1 жаштан 4 жашка чейинки курактагылар.
Булак: NazarNews.kg