www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдүн деңгээли жогору бойдон калууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандагы биринчи жогорку технологиялуу рентген хирургия борборунун ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымына караганда, Кыргызстандагы өлүмдөрдүн 55-60% жүрөк-кан тамыр ооруларынын айынан болсо, биринчи орунда миокард инфаркты турат.

"Эгерде ушундай диагнозу бар бейтапка биринчи саатта жардам көрсөтүлбөсө, анда анын өмүрүн сактап калууда дээрлик мүмкүнчүлүк жок болуп калат. Бирок ушул сыяктуу борборлорду жана лабораторияларды ачуу аркылуу келечекте өлүмдүн көрсөткүчтөрүн азайтабыз деген үмүттөбүз", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости