www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын түшүмү үчүн республика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жалпы аянты 1250 миң гектарды түзөрү мерчемделүүдө.
Анын ичинен 818 миң гектары сугат жерлер болсо, 432 миң гектары кайрак жерлер. Белгилей кетсек, 2025-жылы бул көрсөткүч 1245,6 миң гектарды түзгөн.
2026-жылдын 27-февралына карата өлкөнүн облустарында жазгы себүү жана жер айдоо иштери жигердүү жүрүүдө:
Жер айдоо: Республика боюнча жалпы 29 664 га жер айдалды. Алдыңкы катарда Ош облусу (17 768 га), Чүй облусу (9 749 га) жана Жалал-Абад облусу (2 147 га) турат.
Дан эгиндери: Жалпы 5 547 га жерге жаздык кылкандуу дан эгиндери себилди.
Буудай: 2 466 га (Ош – 1 510 га, Чүй – 850 га, Жалал-Абад – 106 га).
Арпа: 3 081 га (Чүй – 1 318 га, Ош – 996 га, Жалал-Абад – 767 га).
Башка өсүмдүктөр: 189,7 га жерге картошка (негизинен Жалал-Абадда) жана 5 га жерге жашылча (Ош облусунда) себилди.
Учурда талаа иштери өлкөнүн түштүк аймактарында жана Чүй өрөөнүндө кызуу жүрүүдө. Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында климаттык шарттарга байланыштуу себүү иштери али баштала элек.