www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда мал чарбасын өнүктүрүүгө жана асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө багытталган мамлекеттик жасалма уруктандыруу программасы алгачкы жыйынтыктарын бере баштады.
Быйыл фермерлер былтыр акысыз берилген асыл тукум букалардын уруктары аркылуу уруктандырылган уйлардан алгачкы торпокторду алышты.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы бул багытты өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 60 миллион сом бөлүнгөн. Анын алкагында кеминде 200 миң баш уй жана кунаажын жасалма жол менен уруктандырылышы пландалган.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Швейцариядан жана Россия Федерациясынан жогорку сапаттагы асыл тукум букалардын уруктарын сатып алган.
Учурда Кыргызстанда климаттык шарттарга ылайык тандалып алынган төмөнкү төрт породанын уруктары колдонулууда:
Адистердин айтымында, бул породалар жогорку сүт жана эт өндүрүмдүүлүгү менен айырмаланып, жергиликтүү шарттарга тез ыңгайлашат.
Министрлик мамлекеттик программа өлкөдө асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө, фермерлердин кирешесин арттырууга жана мал чарба тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.