www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда уруксат берилген мөөнөттөн ашык жүргөн чет өлкөлүк жарандарга кайра өлкөгө кирүүгө чектөө коюлат.

Тиешелүү өзгөртүүлөр Министрлер кабинети тарабынан чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанда болуу тартибине киргизилди.

Жаңы тартипке ылайык, уруксат берилген мөөнөттөн ашып кеткен чет өлкөлүктөргө кайра кирүүгө алардын визасыз жүрүү мөөнөтүнө туура келген убакытка баш тартылат.

Чет өлкөлүк жарандын Кыргызстанда болгон мөөнөтү Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы аркылуу автоматтык түрдө эсептелет. Мурунку болуу мөөнөтүнүн аяктаган күнү катары анын өлкөдөн акыркы чыккан күнү эсептелет.

Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөлүк жубайлары жана жашы жете элек балдары үчүн өзгөчө шарт каралган.

Алар уруксат берилген мөөнөттөн ашып кетсе, статусун мыйзамдаштыруу үчүн өлкөгө бир жолу кайра кире алышат.

Керектүү документтерди кирген күндөн тартып 30 жумушчу күндүн ичинде тариздөө талап кылынат.

Мындан тышкары, Кыргызстанда белгиленген мөөнөттөн узак жүргөн чет өлкөлүктөр миграциялык мыйзамдарда белгиленген тартипте жашап турууга уруксат алуу үчүн кайрыла алышат.

Ошондой эле өлкөлөрдүн тизмелеринин бирине Молдова кошулду.

Последние новости