www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жарандык авиация тармагындагы мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү сунушталууда.
Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Долбоорго ылайык, каттоого тийиш болгон дронду каттоосуз пайдаланган жеке жакка 300 эсептик көрсөткүч, ал эми дронду уруксатсыз учурганга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу сунушталууда.
Тыюу салынган аймакта атайын уруксатсыз дрон учурган жеке жакка 1000, юридикалык жакка 10 миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул каралган. Бул азыркы эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнө жараша жеке жак үчүн 100 миң сомго чейин айып пул болушу мүмкүн.
Мындан тышкары, аба мейкиндигин пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдарды жогорулатуу сунушталууда. Жеке жактар үчүн айып пул 75тен 1000 эсептик көрсөткүчкө, юридикалык жактар үчүн 230дан 5000 эсептик көрсөткүчкө чейин көбөйтүлөт.
Ошондой эле кооптуу жүктөрдү ташуу, авиациялык маалыматтарды жоготуу же бурмалоо, аэродромдорду талаптагыдай пайдаланбоо сыяктуу мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү каралган.
Мыйзам долбоору жүргүнчүлөрдүн укуктарын да камтыйт. Авиакомпанияда орундардан көп брондоо болуп, жарактуу билети жана ырасталган брондоосу бар жүргүнчүнү ташуудан баш тарткан учурда юридикалык жактарга жоопкерчилик киргизүү сунушталууда.
Долбоордун негизги максаты — учуу коопсуздугун жогорулатуу жана жүргүнчүлөрдүн өмүрү менен ден соолугун коргоо.