www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен суу запастарынын азайып жаткандыгы жана алардын рационалдуу пайдаланылышы боюнча чаралар көрүлүп жатканы маалымдалды.
Министрликтин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов белгилегендей, суу запастарынын кыскарышы — дүйнөлүк тенденция.
Суу керектөөнү пландоо: 2025-жылы 5,767 млрд куб метр суу колдонулса, 2026-жылкы вегетациялык мезгилге 6,303 млрд куб метр суу бөлүнөт.
Сууну рационалдуу бөлүштүрүү үчүн облустук жана райондор боюнча штабдар түзүлдү. Алар полив суусун тең жана эффективдүү пайдаланууга жооптуу болот. Мурдагы жылы суу дефицити Чүй, Талас облустарында жана өлкөнүн түштүк аймактарында байкалган.