www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте өткөн ШКУ көргөзмөсүндө Кыргызстанда иштелип чыккан жаңы үлгүдөгү жолтандабас тааныштырылды. Анын баасы 15 миллион сомдон башталат.
Бул техниканы Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен компаниясы даярдаган. Иштеп чыгуучулардын айтымында, жолтандабас адамдарды жана жабдууларды ташууга, ошондой эле жетүү кыйын болгон аймактарда иш жүргүзүүгө ылайыкталган.
Компания өкүлдөрү техниканын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу төмөнкүлөрдү белгилешти:
“Бир ирет күйүүчү май куюу менен 500 чакырымга чейин жүрө алат. 2,8 метрлик чуңкурлардан жана 1,1 метрлик тоскоолдуктардан оңой өтөт”, — деп билдиришти иштеп чыгуучулар.
Жол тандабас туман, кар жана куткаруу иштеринде жакшы көрүнүш үчүн саргыч түскө боёлгон. Ошондой эле айдоочу жана жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралган.
Компаниянын директору Станислав Колесниковдун айтымында, мындай техниканын рынокто аналогу жок. Ал тоолуу жана катаал климаттык шарттар үчүн атайын иштелип чыккан. Биринчи үлгүнү жасоого үч айга жакын убакыт кеткен.