www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун катышуусунда багбанчылык жана кооперация тармагындагы актуалдуу маселелерге арналган жумушчу жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдө мөмө-жемиш өстүрүүнүн учурдагы абалы, тармактын аймактар боюнча өнүгүү өзгөчөлүктөрү жана потенциалы кеңири талкууланды. Министр Эрлист Акунбеков жер-жерлерден келген өкүлдөрдүн көйгөйлөрүн, сунуштарын угуп, тармакты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган пикир алмашуу жүргүздү.

Катышуучулар багбанчылыкты өнүктүрүү, айыл чарба кооперацияларын кеңейтүү, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Мындан тышкары, фермерлер жана айыл чарба өндүрүүчүлөр кооператив түзүү, каржылоо булактарына жетүү, анын ичинде насыя алуудагы кыйынчылыктар тууралуу маалымат беришти.

Жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди биргелешип чечүүнүн механизмдери талкууланып, түшүндүрмөлөр жана практикалык сунуштар берилди.

 

Последние новости