www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 07:03дө Ысык-Ата райондук №4 өрт куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, саат 07:16да №27 өрт-куткаруу бөлүгүнөн дагы 1 бөлүм тартылып, саат 08:43тө тилсиз жоо толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен турак үйдүн 300 чарчы метри жана короодо токтоп турган 2 жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен кошуна жайгашкан турак үйлөргө жалын өткөрбөй сактап калуу чарасы көрүлдү. Жабыркагандар жок, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

 

 

Последние новости