www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2023-жылдын аягында алдын ала маалыматтар боюнча 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кургак учук оорусуна чалдыгуу (анын ичинде абактарда) азайган, деп билдирет КР Улуттук фтизиатрия борбору.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы жалпысынан 4 миң 170 жаңы учур жана рецидив катталган, 2022-жылы 4 миң 568 учур, 2021-жылы 4 миң 596 учур катталган.

Кургак учуктун эң жогорку көрсөткүчү мурдагыдай эле Чүй облусунда, эң төмөнкү көрсөткүч Ысык-Көл облусунда сакталууда.

Белгиленгендей, өткөн жылы бул оорудан 180 адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости