www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда “Коопсуздук-2026” машыгуусу өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-февралда “Коопсуздук-2026” биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусун уюштуруу жана өткөрүү маселеси боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйынга КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын офицерлери, ошондой эле Ош облусунун Өзгөн жана Араван райондорунун жергиликтүү бийлик органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Аталган машыгуу 2014-жылдан бери өлкө аймагында үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Анын негизги максаты – Куралдуу Күчтөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзгөчө жана күжүрмөн шарттарда иш алып баруу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле өз ара аракеттенүүнү чыңдоо болуп саналат.