www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 21-апрелинде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунун аймагында, ошондой эле Ош облусунун Араван жана Өзгөн райондорунда «Коопсуздук-2026» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу башталды.
Машыгуунун Каракол шаарындагы расмий ачылышына Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы – Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Тариэль Отонбаев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов катышты.
Өз сөзүндө генерал-майор Тариэль Отонбаев белгилегендей, «Коопсуздук-2026» машыгуусу аскердик башкаруу органдарын жана аймактык коргонууну даярдоонун системасында туруктуу практика болуп калды. Ал өзгөчө жергиликтүү мамлекеттик органдардын активдүү катышуусун белгилеп, бул бардык катышуучулардын ишинин натыйжалуулугун жана өз ара аракеттенүүсүн жогорулатууга олуттуу салым кошорун айтты.
Иш-чаранын жүрүшүндө генерал-майор Тариэль Отонбаев Бакытбек Жетигеновго Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жана андан аркы ишти уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан иштелип чыккан аскердик абалды киргизүү боюнча оперативдик директиваны тапшырды.
Салтанаттуу бөлүктөн кийин катышуучулар дароо окуунун экинчи этабына киришишти. Анын алкагында айрым аймактарда аскердик абал режимин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды даярдоо жана ишке ашыруу, аймактык коргонуу иштерин уюштуруу, ошондой эле куралдуу кагылышууну локалдаштыруу жана мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен операцияны даярдоо каралган.
Машыгуунун планына ылайык, ага Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары, Ысык-Көл жана Ош облустарынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Ички иштер министрлининин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин башкаруу органдарынын кызматчылары катышып, ошондой эле аталган облустардын резервдик түзүмдөрү катышууда.
Окуунун жүрүшүндө катышуучулар айрым аймактарда аскердик абал киргизилген шартта абалды турукташтыруу боюнча окуу-жаңжалдык милдеттерди аткарышат, анын ичинде резервдик түзүмдөрдү практикалык чакыруу иш-чаралары жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү жана резервдик түзүмдөр тарабынан стратегиялык объекттерди кайтаруу жана коргоо, ошондой эле блок-бекеттерди уюштуруу иштери жүргүзүлөт.
Машыгуу 2026-жылдын 23-апрелинде жыйынтыкталат.