www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кыргыз Республикасында калдыктарды башкаруу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү.
Жолугушууга эл аралык эксперттер, тиешелүү министрлик жана ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана шаар мэрияларынын өкүлдөрү катышты.
Министрликтин маалыматына ылайык, «Кыргыз Республикасында калдыктарды жана экинчилик ресурстарды туруктуу башкаруу боюнча мамлекеттик программа» стратегиялык документи «Хельветас» уюмунун Швейцариялык «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун колдоосу менен иштелип чыгат.
Программаны даярдоодо акыркы беш жылдагы калдыктарды башкаруу тармагындагы абалга талдоо жүргүзүлүп, өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана иш-чаралар планы аныкталат.
Документти кабыл алуу өлкөдө калдыктарды башкаруу системасын өнүктүрүүгө инвестиция жана эл аралык долбоорлорду тартууга, мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлде бирдиктүү укуктук жана институционалдык негиз түзүүгө, ошондой эле калдыктар боюнча базалык статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды системалаштырууга өбөлгө түзөт.