www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кытайдын Чанша шаарынан келген делегация менен жолугушту.
Жолугушууда муниципалитеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, шаар чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо, инфраструктура жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Тараптар экологиялык туруктуулукка өзгөчө көңүл буруп, Бишкекте катуу тиричилик калдыктарын электр энергиясын өндүрүү менен утилдештирүүчү экологиялык технологиялык завод куруу долбоорун талкуулашты. Долбоор Чанша шаарында жайгашкан кытайлык «Junxin» компаниясынын катышуусунда ишке ашырылууда.
Ошондой эле Бишкек менен Чанша шаарларынын ортосунда боордош шаар мамилесин түзүү мүмкүнчүлүгү каралды.
Жолугушуунун соңунда мэр Айбек Джунушалиев Чжоу Минге эки шаардын кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык катын тапшырды.