www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда туризм тармагын реформалоонун алкагында альпинисттер үчүн уруксат берүү системасын киргизүү маселеси каралууда.

Бул тууралуу «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААКнын инвестициялар жана бизнес боюнча менеджери Дамир Жумаканов «Курс на развитие» программасынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү механизм туризм тармагындагы мыйзамдарды жаңылоодо каралышы мүмкүн.
Пландалып жаткан уруксат — permit — акы төлөнүүчү болуп, белгилүү бир бийиктиктен баштап тоого чыгууда талап кылынат.

Жумакановдун белгилешинче, мындай талаптарды киргизүүнүн негизги максаты — туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу жана альпинисттерди коштоп жүргөн адамдардын жана уюмдардын ишин иретке келтирүү.

Учурда уруксат берүү системасынын так талаптары жана параметрлери иштелип чыгууда.

Последние новости