www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда акыркы жумада КРВИ жана сасык тумоонун 4 миң 576 учуру катталды, бул мурунку жумага салыштырмалуу 30,4%га аз.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, ооругандардын ичинен 71,7%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Октябрь айынан тарта 1834 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнун жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет.

“Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 32,4%, респиратордук-синцитиалдык вирус 25,2%, парагрипп 17% жана башка вирустар 25,4% түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Республикада СOVID-19 инфекциясын жугузуп алуу боюнча жумалык мониторинг уланууда, 10-жумада Ош шаарында 1 учур катталды.

COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүү уланууда, акыркы жумада Ошто бир учур катталган.

Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости