www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында 13 өлкөдөн келген тоо куткаруучуларынын катышуусунда XII Эл аралык тоо-куткаруу окуу-машыгуусу өтүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуу-машыгууга Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмга (ЖКЭУ) мүчө мамлекеттерден келген адистер катышууда.
Учурда куткаруучулар аскага чыгуу боюнча практикалык сабактарга басым жасап, аскалуу тилкелерде жүрүү, бийиктикке чыгуу жана түшүү, ошондой эле тоолуу шарттарда куткаруу иштерин жүргүзүү ыкмаларын өркүндөтүп жатышат.
Мындан тышкары, кечээ катышуучулар алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык сабактардан өтүштү. Анда тоолуу аймактарда жаракат алган адамдарга жана башка шашылыш кырдаалдарда жардам көрсөтүү алгоритмдери үйрөтүлдү.
Окуу-машыгуу учурунда чет өлкөлүк адистер кыргызстандык куткаруучулар менен биргеликте заманбап издөө-куткаруу ыкмаларын өздөштүрүп, тажрыйба алмашууда.
XII Эл аралык тоо-куткаруу даярдыгы боюнча курстар 4-августта Бишкек шаарында расмий ачылган. Ачылыш аземине Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмазбек Асанов катышкан.
Анын айтымында, 2012-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан бул курстар куткаруучулардын тажрыйба алмашуусуна, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түзүп келет.
Окуу-машыгуулар 5–15-август күндөрү өтөт. Ага Алжир, Армения, Грузия, Иордания, Марокко, Монголия, Палестина, Россия, Сауд Арабиясы, Судан жана Тунис сыяктуу өлкөлөрдөн келген куткаруучулар катышууда.
Иш-чаранын алкагында адистер бийик тоолуу шарттарда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча теориялык жана практикалык даярдыктан өтүп, эл аралык тажрыйба менен бөлүшүүдө.