www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. 3-июнда Башкы ассамблеядагы добуш берүүдө Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн атаандаш болгон Филиппинди артта калтырды. Эки мамлекет добуш берүүнүн үч айлампасында жетиштүү добуш ала алган жок. Төртүнчү айлампада гана Кыргызстан 142 добуш менен алдыга озду.
Өлкө Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып баштайт.
Кыргызстан Коопсуздук кеңешине тарыхында биринчи жолу шайланып жатат. Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан гана 2017-2018-жылдары бул милдетти аркалаган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жеңиш белгилүү болору менен Фейсбуктагы баракчасына "Биз БУУнун жаңы тарыхын жазууга катышабыз. Мекендештерим, куттуктайм!", - деп жазды.
Өлкө өнөктүгү учурунда чакан мамлекеттердин, тоолуу аймактардын жана деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн үнүн күчөтүүнү убада кылган. Борбор Азия өлкөлөрүнөн буга чейин Коопсуздук кеңешине Казакстан гана шайланган.
Коопсуздук кеңеши эл аралык тынчтык жана коопсуздук маселелерин караган БУУнун негизги органы болуп эсептелет. Анын курамына беш туруктуу жана ар бир эки жылда алмашып турчу он мамлекет кирет.