www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-сентябрда МинКаб Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Пакистандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана жетишилген макулдашууларды конкреттүү инвестициялык долбоорлорго айландыруу маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы Кыргызстанда өндүрүлгөн төө буурчакты Пакистан рыногуна экспорттоону көбөйтүү болду. Тараптар кыргыз өндүрүүчүлөрү менен пакистандык импорттоочулардын түз байланыштарын түзүү, соода көргөзмөлөрүнө өз ара катышуу жана продукцияны жеткирүүнүн көлөмдөрүн аныктоо боюнча пикир алышты.

Кыргызстандын төө буурчак экспорттоо боюнча жылдык потенциалы 50 миң тоннадан ашат. 2025-жылы аталган продукциянын экспортунун жалпы наркы 67 млн долларды түзгөн.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз айыл чарба продукцияларын Пакистан рыногуна чыгарууну кеңейтүү боюнча практикалык иштерди күчөтүү макулдашылды. Ошондой эле жакынкы эки жылда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн 200 млн долларга чейин жеткирүү максаты белгиленди.

Последние новости