www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасында Зимбабве Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык соода министрлигинин туруктуу катчысы Альберт Рангаи Чимбинди баштаган делегация менен жолугушуу өттү.
Жолугушууда СӨПтүн вице-президенти Санжар Дыйканов Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, Палатанын ишмердүүлүгү жана ишкерлер үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу маалымат берди.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты. Анын ичинде IT-технологиялар, тоо-кен өнөр жайы, пайдалуу кендерди иштетүү, кофе өндүрүү жана жеткирүү тармактарына өзгөчө көңүл бурулду.
Зимбабвенин өкүлдөрү Кыргызстанды кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн перспективдүү өнөктөш катары карап жатышканын белгилешти. Алардын айтымында, эки өлкөнүн ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар.
Ошондой эле азыркы шартта географиялык аралык бизнес кызматташууга олуттуу тоскоолдук болбой калганы белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкерлердин түз байланыштарын түзүүгө жана кызматташтыкты конкреттүү биргелешкен долбоорлор аркылуу улантууга кызыкдар экенин билдиришти.