www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүү 36 млн долларды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 24 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн,13-февралда, Бишкекте Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусунда айтылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Адылбек Касымалиев эки мамлекеттин башчылары тарабынан товар жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү милдети коюлганын жана бул максатка жетүүгө даярдыгын билдирди. Тараптар кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынынын алкагында соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү маселелерин талкуулашты.
МинКаб башчысы чек ара маселелерин чечүү эки өлкөнүн ортосундагы коңшулук мамилелерди өнүктүрүү үчүн негиз болгон тарыхый окуя экенин белгиледи. Анын айтымында, Тажикстан менен кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Өз кезегинде премьер-министр Кохир Расулзода жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Тажикстан үчүн да маанилүү экенин жана эки өлкөнүн жетекчилиги койгон милдеттерди ишке ашырууга даяр экенин ырастады.