www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Тажикстандын кесиптик бирлик уюмдары эмгекчилердин укуктарын коргоо жана кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашууга келишти.

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу менен Тажикстандын Көз карандысыз кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Чиллазода Карахон кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Документ эки өлкөнүн кесиптик бирликтеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып, эмгекчилердин эмгектик, социалдык-экономикалык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча биргелешкен иштерди күчөтүүгө багытталган.

Мурадил Джумадилде уулунун айтымында, кызматташтыкта эмгек адамынын укугу, коопсуздугу жана татыктуу эмгек шарттары негизги багыт болуп саналат.

Макулдашуунун алкагында тараптар эмгек мыйзамдары, эмгекти коргоо жана коопсуздук, социалдык өнөктөштүк, ошондой эле кызматкерлердин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча маалымат жана тажрыйба алмашат.

Мындан тышкары, кесиптик бирликтердин өкүлдөрүнүн жолугушууларын, консультацияларды, тегерек столдорду, семинарларды жана башка биргелешкен иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

Тараптардын негизги максаты — эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону күчөтүү, татыктуу жана коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга көмөктөшүү жана эки өлкөнүн эмгекчилеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө.

Последние новости