www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте ири иш-чараларга даярдык көрүү боюнча негизги иштер аяктап, 25-августтан тарта көчөлөрдү жууп-тазалоо иштери күчөтүлөт.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулу «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, шаарда алдыдагы ири иш-чараларга даярдыктын алкагында жолдор, турак жайлардын фасаддары жана аялдамалар оңдолуп, жарыктандыруу системалары жаңыртылды.
«25-августтан тарта жууп-тазалоо иштерин жүргүзөбүз.
Алдыдагы ири иш-чараларга даярдык көрүү боюнча бир катар иштер аткарылды. Негизинен жолдор, турак жайлардын фасаддары, аялдамалар оңдолуп, жарыктандыруу системалары жаңыртылды», — деди аким.
Маалыматка караганда, «Манас» эл аралык аэропортунан Бишкекке чейинки тилкеге 700дөн ашык заманбап жарыктандыруу системасы орнотулган.
Ошондой эле аэропорттон борбор калаага чейинки 23 чакырым жолдун боюндагы 32 аялдама жаңыртылды.
Аэропорттун жанында узундугу 1,7 чакырым болгон жаңы жол курулду.
Мындан тышкары, шаардын ичинде 800дөн ашык жол чырагы алмаштырылып, борбордук көчөлөрдөгү жарыктандыруу системалары толугу менен жаңыртылды.
Биринчи май районунда 61 турак жайдын фасады оңдолуп, аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Улан Сарылбек уулунун белгилешинче, аткарылган иштер бир гана ШКУ саммитине даярдык көрүү менен чектелбестен, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана Бишкектин инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.