www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын жана Россиянын укук коргоо органдары биргелешкен атайын операциянын жүрүшүндө синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз жеткирүү менен алектенген трансулуттук кылмыштуу каналдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, операцияга Кыргызстандын ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, УКМК, Мамлекеттик бажы кызматы, ошондой эле Россиянын Федералдык бажы кызматы жана ИИМинин Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгы катышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштуу топ психотроптук заттарды «Telegram» мессенджери аркылуу таратып, аларды «закладка» ыкмасы менен сатып келгендиги аныкталган.
Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында 2005-жылы туулган Э.А.М. аттуу шектүү кармалган. Анын «Hyundai Grandeur» үлгүсүндөгү автоунаасын тинтүүдө жалпы салмагы үч килограммга жакын психотроптук зат салынган үч брикет, 18 граммга жакын ак түстөгү кристалл зат камтылган 21 таңгак жана баңгизаттарды таңгактоого арналган жабдуулар табылган.
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, баңгизаттар автоунаанын автоматтык өткөргүч кутусунун конструкциясына жашырылган.
Ошол эле учурда Москва шаарында өткөрүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө 1996-жылы туулган Л.Ю.А. аттуу жаран кармалган. Ал баңгизаттарды жөнөтүүгө шектелүүдө. Тинтүү маалында анын жанынан Москва аймагында таратууга даярдалган 700 граммга жакын психотроптук зат алынган.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кармалган партия толугу менен сатылган учурда кылмыштуу топтун мыйзамсыз кирешеси 16 миллион сомдон ашмак.
ИИМдин маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында Кыргызстан аймагында 15 миңден ашуун бир жолку доза синтетикалык баңгизаттын жайылышынын алдын алууга мүмкүн болду.
Учурда эл аралык баңги тармагына тиешеси бар башка адамдарды жана кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоо каналдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.