www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 25-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Омандын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, атайын жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 12-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргызстан тарабынан аткаруу болуп саналат.
Макулдашууда жарандар – Кыргызстандын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери жана Омандын дипломаттык, кызматтык жана атайын паспортторунун ээлери макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагына кирүү, чыгуу жана транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан 180 күндүк мезгилдин ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө бошотула тургандыгы каралган.
Макулдашууну ратификациялоо иштиктүү мобилдүүлүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана жарандардын – дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлеринин макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында жүрүүсүн жеңилдетет.