www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8-декабрда Куала-Лумпур шаарында Малайзия-Кыргызстан Ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ишкерлер кеңешинин ишинин башталышы июнда президент Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапары учурунда жарыяланган.
Иш-чарага Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев, Ишкерлер кеңешинин төрагасы жана малайзиялык ишкерлер, ошондой эле элчиликтин жана Кыргызстандын Соода өнөр жай палатасынын өкүлдөрү катышты.
Анвар Анарбаев Ишкердик кеңешинин ишинин башталышы Кыргызстан менен Малайзиянын экономикалык өнөктөштүгүн системалуу өнүктүрүүгө багытталган жаңы платформанын түзүлүшү экенин белгиледи.
Ал Ишкердик кеңеши эки өлкөнүн лидерлери мурда жетишкен макулдашуулардын духунда Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы соода жана инвестициялык кызматташуунун кеңейишине өбөлгө болот деген үмүтүн билдирди.
Мындан тышкары, жакында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо замандын талаптарына ылайык алдыңкы технологияларды колдонуу менен ачык жана уюшкандыкта өткөрүлүшү өлкөнүн туруктуулугун бекемдөөгө жана тышкы инвестициялар менен бизнестин активдүүлүгү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө салым кошору баса белгиленди.
Жыйындын жүрүшүндө Малайзия-Кыргызстан Ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү алдыдагы кызматташуунун негизги багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, каржы жана банк механизмдерин жакшыртуу, туризм жана транспорттук байланыштарды илгерилетүү, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, инвестициялык долбоорлорду колдоо жана кыргыз продукциясын малайзия рыногуна чыгаруу маселелерин талкуулашты.
Эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөлөрүнүн ортосундагы туруктуу байланыштарды орнотуу жана кеңейтүү маселелерине өзгөчө көнүл бурулду.