www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үрүмчү шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Дин Сюэсян менен жолукту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Эрлист Акунбеков Кыргызстан Кытай менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогору бааларын белгилеп, эки өлкөнүн лидерлеринин саясий колдоосу кызматташтыктын жаңы деңгээлге чыгышына өбөлгө болуп жатканын айтты.

Жолугушууда «Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан» темир жолу, «Бедел» үчүнчү чек ара өткөрмө бекетинин ачылышы жана «Барскоон – Бедел – Учтурфан – Аксу» автожолунун курулушу өңдүү долбоорлор эки өлкөнүн транспорттук байланыштарын жана соода-экономикалык кызматташтыгын бекемдей турганы белгиленди.

Өз кезегинде Кытайдын вице-премьери Дин Сюэсян бардык биргелешкен долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, Кыргызстан менен соода жүгүртүүнү мындан ары да көбөйтүү жана чек ара бекеттеринин үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган демилгелерди Кыргызстан–Кытай өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиясынын жакынкы жыйынында жана Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында конкреттүү документтер менен бекемдөө боюнча макулдашууга жетишилди.

Последние новости