www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Германиянын мамлекеттик министри – тышкы иштер министринин орун басары Гюнтер Крихбаум менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Саясий диалогду өнүктүрүү, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги өз ара аракеттенүү маселелери каралды.
Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле Кыргызстан менен Европа бирлигинин ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды.
Тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө жана артыкчылыктуу багыттар боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.