www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Анын айтымында, кыргыз-беларус сүйлөшүүлөрү конструктивдүү маанайда өтүп, эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп калды.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтык, өнөр жай кооперациясы, аймактар аралык байланыштар, туризм жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Адылбек Касымалиев акыркы жылдары Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүү олуттуу өскөнүн белгиледи. Анын маалыматына ылайык, 2020–2025-жылдары эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 46 миллион доллардан 206 миллион долларга чейин көбөйгөн.

МинКаб төрагасынын айтымында, Кыргызстан менен Беларусь жакынкы беш жыл ичинде өз ара сооданын көлөмүн 500 миллион долларга жеткирүүнү максат кылууда. Бул үчүн сооданын көлөмүн гана көбөйтпөстөн, анын түзүмүн кеңейтүү, жаңы өндүрүштүк чынжырларды түзүү жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү зарыл.

Ошондой эле ал беларусь айыл чарба техникасы Кыргызстанда жогорку суроо-талапка ээ экенин белгилеп, биргелешкен ишканаларды түзүү, өндүрүштү локалдаштыруу жана тейлөө базасын өнүктүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында туризм, билим берүү, маданият жана региондор аралык кызматташтык маселелери да талкууланды. Өзгөчө көңүл күзүндө Минск шаарында өтө турган Кыргызстан менен Беларустун региондор форумуна бурулду.

Расмий сапардын жыйынтыгында айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу, эмгек жана социалдык камсыздоо, айыл чарба, билим берүү, маданият жана аймактар аралык кызматташуу тармактарын камтыган 12 документке кол коюлду.

Мындан тышкары, Кыргыз-Беларусь ишкерлер кеңешин түзүү боюнча макулдашууга жетишилди. Бул түзүм эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты күчөтүүгө жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрү белгиленди.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан кыргыз-беларус стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да тереңдетүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости