www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Беларустун премьер-министри Александр Турчиндин жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюлду.

Анын алкагында төмөнкү 12 документ кабыл алынды:

  1. Айдоочулук күбөлүктөр: Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу боюнча макулдашуу.
  2. Социалдык тармак: Эмгек жана социалдык коргоо тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу.
  3. Айыл чарбасы: Үрөнчүлүк чөйрөсүндө кызматташуу боюнча меморандум.
  4. Айыл чарба жана азык-түлүк тармагындагы биргелешкен комиссиянын 1-жыйынынын протоколу.
  5. Техникалык жөнгө салуу: Стандартташтыруу, шайкештикти баалоо жана маалымат алмашуу боюнча макулдашуу.
  6. Санариптик соода: Почта кызматтары жана электрондук коммерция боюнча кызматташтык жөнүндө меморандум.
  7. Аймактар аралык байланыш: Ысык-Көл облусу менен Витебск облусунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу.
  8. Билим берүү: Кыргыз улуттук университети менен Брест мамлекеттик университетинин ортосундагы меморандум.
  9. Маданият тармагы: Кыргыз улуттук филармониясы менен Беларусь мамлекеттик филармониясынын кызматташтык жөнүндө меморандуму.
  10. Тарыхый мурас: М.В. Фрунзе атындагы музей менен Беларусь мамлекеттик тарых музейинин кызматташтык жөнүндө макулдашуусу.
  11. Көркөм өнөр: Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи менен Беларусь Улуттук көркөм өнөр музейинин кызматташтык жөнүндө макулдашуусу.
  12. Бизнес өнөктөштүк: Ишкердик кеңеш түзүү жөнүндө макулдашуу.

Белгилей кетсек, Беларустун премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга расмий сапары менен күн мурун келген. Учурда беларус делегациясы кыргыз тарап менен биргеликте эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулоону улантууда.

Последние новости