www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
16-мартта Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Абдулла бин Заед Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Жээнбек Кулубаев аймакта туруктуулукту жана коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун атынан Бириккен Араб Эмираттарынын элине чын ыкластуу тилектештигин билдирди.
Тараптар аймактагы чыңалуунун жакын арада басаңдашына, дипломатиялык диалогдун кайра жанданышына, тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого багытталган конкреттүү конструктивдүү кадамдардын кабыл алынышына үмүт артарын билдиришти.