www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Кытайдан мунайзаттарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Бул маселе Кытайдын Sinopec корпорациясынын өкүлдөрү менен талкууланды.
Кабмин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Синьцзяндагы жолугушууда кыргызстандык компаниялар менен Sinopecтин түз байланыш түзүүсүн жана күйүүчү май жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Жолугушууда күйүүчү майды Кыргызстанга ташуу, бажы жол-жоболору жана товар жүгүртүү маселелери да каралды.
Акунбеков бул багыт Кыргызстан менен Кытайдын узак мөөнөттүү соода-экономикалык кызматташтыгы үчүн маанилүү экенин белгиледи.