www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанды Борбор Азиядагы виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча хабга айлантуу максаты бар экенин билдирди. Анын айтымында, акыркы бир жылда бул багытта мыйзамдык база жаңыланып, атайын агенттик түзүлүп, криптоиндустриянын инфраструктурасы кеңейди.

Кыргызстанда криптобиржалардын жана криптоалмаштыруучу жайлардын саны өстү. 2025-жылы виртуалдык активдер менен операциялардын көлөмү 2,7 триллион сомдон ашкан. Өлкөдө сомго байланган KGST жана долларга байланган USDKG сыяктуу стейблкоиндер да жүгүртүүгө чыгарылды.

Эксперттер бул тармак экономикалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет деп эсептешет. Бирок банктар криптооперацияларга толук технологиялык жана кадрдык жактан даяр эмес экенин да белгилешет.

Негизги тобокелдик – санкциялар. Кыргызстанда катталган бир нече криптокомпания Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылган. Алардын арасында Орусия менен байланышы бар деп шектелген компаниялар да бар. Мындай санкциялар өлкөнүн эл аралык аброюна терс таасир этип, айрым чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууну татаалдаштырышы мүмкүн.

Ошол эле учурда бийлик криптовалюта тармагын өнүктүрүүдө мыйзамдуулукту жана эл аралык талаптарды сактоо зарылдыгын эске алуу менен Кыргызстанды аймактык криптохабга айландыруу аракетин улантууда.

Последние новости