www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 27-октябрда Жалал-Абаддагы “Кара-Көл” ГЭСинин ачылышында өлкө эки жарым жыл ичинде электр энергиясын импорттобой каларын билдирди. Мындай жаңылык Кыргызстан үчүн узак жылдардан бери чечилбей келген энергетикалык көз карандылыктан чыгуу аракети катары бааланууда.
Жапаровдун айтымында, учурда өлкө боюнча 40ка жакын ГЭСтин курулушу жүрүүдө. Ошондой эле Кара-Кечесинде курулуп баштаган Жылуулук электр борборунун ишке кириши менен ички керектөөнү толук жабуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ошол эле учурда “Камбар-Ата-1” ГЭСи улуттук масштабдагы “кылым курулушу” катары көрсөтүлүүдө. Долбоор ишке ашса, Кыргызстан импорттук энергияга болгон муктаждыктан арылып, экспорттук потенциалга ээ мамлекетке айланат деген үмүт бар.
Бирок эксперттер өлкөнүн энергетикалык системасындагы структуралык көйгөйлөр чечилмейинче, максатка жетүү кыйын экенин белгилешет. Биринчиден, Кыргызстандагы гидроэнергетика булагы мезгилдик мүнөзгө ээ. Себеби, кышында суунун көлөмү азайып, станциялардын өндүрүшү төмөндөйт. Экинчиден, эскирген инфраструктуранын кесепетинен болгон жоготуулар өндүрүлгөн энергиянын бир бөлүгүн текке кетирүүдө.
Демек, Кыргызстан энергия боюнча көз карандысыз болууну кааласа, жаңы ГЭСтерди куруу менен катар энергияны үнөмдөө, тармакты жаңылоо жана башкаруудагы ачыктыкты камсыз кылуу багытында да реалдуу реформаларды жүргүзүүгө тийиш. Болбосо, ар бир жаңы станция убактылуу жеңилдик бергени менен, системалуу өзгөрүү болмоюнча өлкө кышкы энергия тартыштыгынан толук кутула албайт.