www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан ЕАЭБ талабына ылайык келген өткөрүү пунктуларынын баарын модернизацилап бүттү. Бул тууралуу ЕЭК министри Элдар Алишеровдун айтымына таянып, комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Алишеров адистер тобу менен кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы болуп жаңыланган "Кызыл-Бел" өткөрүү бекетин текшерген.

"Кыргызстан көзөмөл-өткөрүү пунктуларындагы шарттарды жакшыртуу, материалдык-техникалык жабдуу боюнча ЕАЭБдин протоколунда каралган талаптын баарын аткарып, өткөрүү жайларын модернизациялап бүттү", — деген ал.

Маалым болгондой, көзөмөл-өткөрүү жайлары заманбап жабдуулар менен камсыз болгон. Бул транзиттик потенциалды өнүктүрүүгө көмөктөшүп, бажы көзөмөлүнүн иштерин жакшыртмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости