www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан 2026/2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө быйыл 4 миллиард 99 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдерди түздү.
2026-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанда 6 миллиард 200,5 миллион киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлүп, план 105% аткарылды. Анын негизги бөлүгүн ГЭСтер өндүрдү — 4 миллиард 693,6 миллион киловатт-саат. Бишкек ЖЭБи 1 миллиард 147,9 миллион киловатт-саат электр энергиясын берип, планды 103% аткарды.
Министрлик импорттук электр энергиясы ички өндүрүш менен бирге өлкөнүн энергетикалык балансын камсыздап, кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылууга жардам берерин билдирди.