www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясынын алкагында өткөн «Аялдарга жана кыздарга карата зомбулук» аттуу жогорку деңгээлдеги жыйында баяндама жасады.

Өз сөзүндө ал Кыргыз Республикасынын Пекин декларациясын ишке ашырууну ылдамдатууга жана аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрүнө, анын ичинде санариптик мейкиндиктеги зомбулукка карата нөлдүк сабырдуулук принциптерине берилгендигин баса белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстан эл аралык стандарттарга ылайык мыйзамдык базаны мындан ары да өркүндөтүп жаткандыгы белгиленди. 2024-жылы өлкө Эмгектин эл аралык уюмунун №190 Конвенциясын — эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтуктоого каршы конвенцияны — ратификациялаган. Ал эми 2025-жылы күчүнө кирген жаңы Эмгек кодекси аялдар үчүн 400дөн ашуун кесипке коюлган чектөөлөрдү алып салды.

Министрдин орун басары мамлекет зомбулуктун алдын алуу жана ага жооп кайтаруу системасын өнүктүрүп жатканын, ошондой эле жабыр тарткандарга укуктук жардам көрсөтүүгө жана санариптик колдоо инструменттерине жеткиликтүүлүктү кеңейтип жатканын белгиледи. Өлкөдө 5200, 112 жана 114 ишеним телефондору иштейт, ошондой эле 30дан ашык акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору бар.

Сөзүнүн соңунда кыргыз тарап аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу, ошондой эле коргоого жана адилет сотко жеткиликтүүлүктү — офлайн да, санариптик мейкиндикте да — камсыз кылуу үчүн эл аралык өнөктөштөрдү кызматташууну күчөтүүгө чакырды.

   

Последние новости