www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2026–2027-жылдарга каржылоо планы боюнча алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Макулдашуунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 500 млн доллар өлчөмүндө насыя берет. Кредит 32 жылдык мөөнөткө сунушталат, анын ичинде 8 жыл жеңилдетилген мезгил каралган.

Жеңилдетилген мезгилде пайыздык чен 1% түзсө, андан кийин 1,5% болот.

Каражаттар төмөнкү багыттарга жумшалат:

  • 105,5 млн доллар — чакан жана орто бизнести каржылоого;
  • 183,5 млн доллар — энергетика жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө;
  • 83 млн доллар — таштандыларды башкаруу жана санитария тармагына;
  • 64,5 млн доллар — социалдык багыттарга;
  • 63,5 млн доллар — климаттык долбоорлорго жана айыл чарбасына.

Белгилей кетсек, аталган каржылоо планы Кыргызстандын экономикасын, инфраструктурасын жана социалдык тармактарын өнүктүрүүгө багытталган.

Последние новости