www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусундагы “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын жарандык коргонуу абалы бааланды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти – Жарандык коргонуунун башчысы Садыр Жапаров тарабынан бекитилген пландын негизинде жүргүзүлдү.

Атайын комиссияны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов жетектеди.

Баалоонун жүрүшүндө ишкананын өзгөчө кырдаалдардагы аракеттерге даярдыгы, жарандык коргонуу иш-чараларынын уюштурулушу, жетекчилик курамдын даярдыгы жана объектилердин күч-каражаттарынын абалы текшерилди.

Иш-чарага “Кумтөр” ишканасынын жетекчилери, жарандык коргонуу жана эвакуациялык комиссиялар, тиешелүү түзүмдөр жана кызматкерлер катышты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар берилип, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, байланыш жана кабарлоо системаларын жакшыртуу, өрт коопсуздугун күчөтүү, ошондой эле кызматкерлерди жарандык коргонуу боюнча окутуу багытында тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.

Последние новости