www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда мунай тармагындагы коррупциялык схема боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча козголгон иштин алкагында тергөө жүргүзүүдө.
Маалыматка ылайык, «Кыргызнефтегаз» ААК жана «Кыргызгаз Петролеум Компани» ЖАКтын айрым кызмат адамдары күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатууга байланыштуу коррупциялык схема уюштурган деп шектелүүдө.
Тергөөдө мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.
ИИМдин маалыматына караганда, айыпталуучу, ЖКнын экс-депутаты Шаирбек Ташиев мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп берген. Буга байланыштуу соттун чечими менен ага карата колдонулган бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
Учурда тергөө иштери кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана мамлекетке келтирилген зыянды толук өндүрүү максатында уланууда.
Тергөө аяктагандан кийин кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлөт.