www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-июлдан 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, ушул күндөрү Өзбекстандын Президенти Шавхат Мирзиёевдин жана Азербайжандын Президенти Ильхом Алиевдин мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө. 

Мындан сырткары, бир катар мамлекет башчыларынын катышуусунда Борбор Азия-Азербайжан саммити да дал ушул күндөргө мерчемделген. 

"Мындан улам, убактылуу ыңгайсыздык жаралгандыгы үчүн алдын ала кечирим сурайбыз. 

Өлкөбүздүн тышкы алакаларды бекемдөөдөгү иш-аракеттери үчүн убактылуу ыңгайсыздыктарды туура түшүнүү менен кабыл алышыңыздарды өтүнөм", - деди Алагөзов.

 

Последние новости