www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргызкөмүр» ААКнын башкы директорунун орун басары Талант Скандербеков акыркы күндөрү айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда өзүнө карата тарап жаткан маалыматтар боюнча расмий билдирүү жасады.
Ал өзүнө коюлган бардык айыптоолорду четке кагып, «Кара-Кече» филиалында 25 миллион сомдук мыйзам бузуулар аныкталганы тууралуу маалымат азырынча ыйгарым укуктуу мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан мыйзамдуу түрдө тастыктала электигин билдирди.
Скандербековдун айтымында, сөз болуп жаткан 25 миллион сом 2022–2025-жылдары ишкананын күз-кыш мезгилиндеги үзгүлтүксүз ишин камсыздоо үчүн өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу керектүү товарларды жана запастык бөлүктөрдү сатып алууга жумшалган.
Ошондой эле ал көмүр өндүрүү тармагында авариялык кырдаалдар көп кездешерин, мындай учурларда өндүрүштү токтотпоо үчүн шашылыш сатып алуулар жүргүзүлөрүн белгиледи. Анын айтымында, отчеттук каражаттарды мындай максатта пайдалануу өзүнөн-өзү мыйзам бузуу болуп эсептелбейт жана ар бир учур мыйзам чегинде өзүнчө бааланышы керек.
Талант Скандербеков билдирүүсүндө «Кыргызкөмүрдүн» ички аудит кызматы бул жагдай боюнча бир нече жолу текшерүү жүргүзүп, маселеге акыркы укуктук баа берүү үчүн кошумча жана ар тараптуу иликтөө зарыл деген жыйынтык чыгарганын белгиледи. Бирок, анын айтымында, аудиттин актысы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилген эмес.
Ошондой эле ал компаниянын жетекчилиги ички аудиттин корутундусун эске албай, материалдарды толук текшерүү аяктаганга чейин укук коргоо органдарына өткөрүп бергенин билдирди. Скандербеков бул аракеттер анын пикиринде кылмыш ишин козгоого негиз түзүү, кадрдык өзгөрүүлөрдү жүргүзүү жана кызматкерлердин аброюна шек келтирүү максатын көздөшү мүмкүн экенин айтты.
Билдирүүдө 50 миллион сом боюнча маселе учурда иликтенип жатканы, тергөө аяктай электе кимдир бирөөнү күнөөлүү деп жарыялоо мыйзамга жана адилеттүүлүк принциптерине каршы келери белгиленет. Ал өзүнө карата күнөөнү ырастаган мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечими жок экенин кошумчалады.
Мындан тышкары, Скандербеков кызматтан бошотулушунун расмий себеби катары «сыноо мөөнөтүн канааттандырарлык өтпөгөнү» көрсөтүлгөнүнө таң каларын билдирип, бул чечим алдын ала пландалган болушу мүмкүн деген пикирин айтты.
Ошондой эле ал мурдагы башкы директор билдирип жаткан айрым өндүрүштүк жетишкендиктер бир адамдын эмес, көп жылдык мамлекеттик пландоонун, адистердин жана жалпы эмгек жамаатынын эмгегинин жыйынтыгы экенин белгиледи.
Билдирүүсүнүн соңунда Талант Скандербеков мыйзам чегинде тергөө менен кызматташууга даяр экенин айтып, коомчулукту текшерилбеген маалыматтарды эмес, расмий аныкталган фактыларды гана жетекчиликке алууга чакырды.